Акыркы беш жылда 1488 мүлк мамлекетке алынып, 221и сатылган

Акыркы беш жылда 1488 мүлк мамлекетке алынып, 221и сатылган

Кыргызстанда 2020-жылы келген бийликтин тушунда мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештерилген делген 1488 мүлк кайра мамлекетке алынган. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал бул объектилердин ичинен 221 объект сатылып, 1048и мамлекеттик мекемелерге берилсе, калган 219 мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында турганын билдирди.

Парламенттин депутаты Кубанычбек Самаков мамлекетке алынган мүлктөр кимге сатылганы же кайсы мамлекеттик органга берилгени тууралуу ачык маалымат жок экенин, айрымдары мамлекеттик кызматкерлердин үйүнөн чыккан фактылар бар экенин айтты.


Мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештирилген делген мүлктөрдү мамлекетке алуу ишин негизинен УКМК жүргүзүп келет. Атайын кызмат Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт. Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media
Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев 24-25-сентябрда Вашингтондо Эл аралык валюта фонду уюштурган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, брифингде борбордук банктын акча-кредит саясаты, финансы системасынын туруктуулугу жана институционалдык негизин бекемдөө маселелери талкууланды. Эл аралык резервдерди башкаруу, төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордук

Ишкер Media
Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмок шаарында таштанды чыгаруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалым болгондой, жарандардын кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада шаарда катуу тиричилик калдыктарын чогултууну "Экологист" ишканасы жүргүзөрү, анын балансында 5 атайын

Ишкер Media