Импорттолгон курулуш материалдарынын сапаты текшерилүүдө

Импорттолгон курулуш материалдарынын сапаты текшерилүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Өзбекстандан алынып келген портландцементке сертификаттоо иштерин жүргүзүлдү.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, сертификаттоонун алкагында продукция текшерилип, андан ары лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды.

Милдеттүү сертификаттоодон өтүүгө тийиш болгон курулуш материалдарынын сапаты лабораториялык сыноолор аркылуу текшерилет. Сыноонун жыйынтыгында материал белгиленген талаптарга жооп берсе, ага шайкештик сертификаты берилет. Ал эми талаптарга жооп бербеген продукцияга сертификат берилбейт.

Мындай текшерүүлөр рынокко чыгарылып, курулуш иштеринде колдонулган курулуш материалдарынын сапатына көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды