Жетекчинин жеке бренди компаниянын ишине кандай таасир этет жана аны түзүү эмне үчүн пайдалуу

Жетекчинин жеке бренди компаниянын ишине кандай таасир этет жана аны түзүү эмне үчүн пайдалуу

Репутация, имидж, бренд — булар адамдарга кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда укмуштуудай таасир этет. Адамдар көбүнчө эле ишенимди арттырган жана шыктандырган белгилүү компаниялардын пайдасына тандоо жасашат.

Reputation Institute тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөдө компаниянын репутациясынын 50%ы анын лидеринин аброюнан турарын көрсөткөн. Топ-менеджердин жеке бренди компаниянын жалпы брендине жана ошондой эле жумуш берүүчүнүн аброюна да чоң таасирин тийгизет.

Жеке бренд түшүнүгүн туура аныктоо үчүн аны имиджден жана репутациядан ажыратыш керек. Жөнөкөйлөштүрүлгөн формада имидж – бул адамдын башкаларга кандай көрүнгөн образы, ал эми репутация – ал жөнүндө кесиптештери жана тааныштары гана эмес, анын иштери жана кейси тууралуу айтылгандар. Ал эми жеке бренд – профессионалдын таанымал аты. Ар бир лидердин белгилүү бир имиджи жана репутациясы бар, бирок алар туура шаймандар колдонулганда гана жеке брендге айланат.

Жетекчинин жеке бренди компаниянын ишине кандай таасир этет?

Көбүнчө компаниянын ийгилигинин артында лидердин күчтүү жеке бренди турат жана керектөөчүлөр, тагыраак айтканда, кардарлар компаниянын өкүлдөрү медиа чөйрөдө активдүү болгон бренддердин продукцияларын сатып алууга даяр болушат. Жеке бренд кардарларды гана өзүнө тартпастан, компанияга, анын ичинде кадрлар секторуна глобалдуу таасирин тийгизет. Бул жерде бир нече пункт бар:

  • Жумуштагы атмосфера. Жетекчи коллективге алар кабыл алган чечимдердин тууралыгына, ошондой эле уюмдун келечегине болгон ишенимди сездирет. Жетекчинин жеке брендинин "гравитациялык күчү" өзгөчө критикалык жана курч кырдаалдарда талап кылынат.
  • Кадрларды тартуу. Көптөгөн тармактарда, мисалы, чыгармачылык жана технологияда, талапкерлер максаттуу түрдө белгилүү бир кесипкөй командага кошулууга умтулушат. Адамдар медиа мейкиндигинде өзүн активдүү көрсөткөн, профессионалдык чөйрөдө аты салмактуу жана таанымал лидерди издейт.
  • Тиешелүү жетекчилерди жумушка алуу. Менеджердин жеке бренди компанияга жумушка алуу баскычында да пайда алып келет. Чынында эле, топ-менеджерлердин вакансияларын толтуруу үчүн көп убакытты жана ресурстарды короткон компанияларга жетекчинин жеке бренди чыныгы маяк болуп бере алат.

Жеке брендди өнүктүрүүнү эмнеден баштаса болот?

1-кадам. Профессионалдарды табуу

Компаниянын бренди сыяктуу эле, жеке брендди иштеп чыгуу да адистерди талап кылат. Алар стратегия, медиа пландоо, контентти даярдоо, ЖМК менен байланышты түзүү сыяктуу бир канча нерселер менен иштешет. Эреже катары, компаниялардын ички PR бөлүмдөрүндө лидердин жеке брендин алдыга жылдыруу милдети коюлбайт. Ошондуктан сиз бул боюнча өз алдынча иштөө же аутсорсто адистерди табышыныз керек болот.

2-кадам. Аудит жүргүзүү

Жеке брендди түзө баштай турган А пунктун табыш керек. Бул үчүн, бир нече аспектилерин талдоо зарыл:

  • Сиз кесипкөй коомчулукка кандай баалуулуктарды жана билимдерди бере аласыз?
  • Кайсы байланыш каналдары сизге жакыныраак жана ыңгайлуу деп сезесиз? Сиз текст форматындагы байланышка (социалдык тармактар, эксперттик басылмалар, комментарийлер, ЖМКлардагы интервьюлар) же баяндамаларга (конференцияларда, иш-чараларда, тегерек столдордо, телеберүүлөрдө, подкасттарда) артыкчылык бересиз, аныктоо зарыл.
  • Сиздин санариптик изиңиз (байланыш ыкмаңыз) канчалык реалдуу? Бул сиздин жеке брендиңизди колдойбу же ага тескерсинче, тоскоолдук кылабы?
  • Учурдагы нетворкинг ыкмаңыз жеке брендиңизди өнүктүрүү максатына жооп береби? Сиз учурда кандай чөйрөдөсүз?
  • Жеке брендиңизди калыптандыруу үчүн графикке атайын слот түзүүгө даярсызбы?

Жеке бренд үчүн негизги бир нече таяныч точкаларды аныктап жана аларды тандалган эффективдүү инструменттер аркылуу ишке ашыра турган коммуникация планын иштеп чыгуу зарыл. Жетекчинин имиджин сыпаттоо жана анын санариптик изин талдоо кагаз бетинде даяр болгондон кийин "бул эксперт өзү жөнүндө тышкы дүйнөгө жарыялагысы келген образга дал келеби?" деген суроону коюу керек.

3-кадам. Коммуникация каналын тандоо

ЖМК менен иштөө. Эксперттик колонкаларга, актуалдуу темаларга өз убагында комментарий берүү, маектер жана башка форматтар жеке брендди өнүктүрүүнүн эң эффективдүү жолдору болуп саналат. ЖМК экспертке жана ишкердик репутацияга ишенимди арттыруунун негизги инструменттеринин бири деп атоого болот. Басылмалар сиздин компетенттүүлүгүңүздү, рынок же кесип боюнча билимиңизди, өз көз карашыңызды жеткирүү жөндөмүңүздү, логикалык жана структуралык ой жүгүртүүңүздү баса белгилейт. Инвесторлор долбоорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатканда, адегенде башкы СЕОнун публикацияларынын бар-жоктугун текшеришет.

Подкасттар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул формат 2023-жылы да популярдуулугун улантууда, ошондой эле профессионалдуу шоулар бар жана аларга жаңы каармандар керек. Эксперт бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүн атайын подкасттарга өзүн конок катары сунушташы керек. Убакыттын өтүшү менен сиз ар кандай долбоорлорго чакырыла баштайсыз жана жеке брендиңиздин таанылышы өскөндөн кийин, сиз өз подкастыңызды ишке киргизүү жөнүндө ойлонсоңуз болот.

Социалдык тармактар ​​жана Telegram-каналдары. Бүгүнкү күндө жеке бренд үчүн социалдык тармактардагы активдүүлүк мастхэв  болуп саналат. Билимди, байкоолорду, тенденциялар, рынок жана бүтүндөй тармак жөнүндө жаңылыктар тууралуу ой бөлүшүү маанилүү.

Иш-чаралардагы активдүүлүк. Сиз медиа мейкиндигинде өзүңүз жөнүндө көп сүйлөй аласыз, бирок ой лидери болуу үчүн сизге оффлайн режиминде катышуу да керек болот. Өнөр жай жана бизнес окуялар профессионалдык чөйрөдө өзүңүздү так көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Идеалдуу вариант бул спикер катары аудиторияга пайдалуу жана эсте каларлык кызыктуу, мазмундуу сүйлөп берүү болуп эсептелет.

Жеке брендди иштеп чыгуунун биринчи этаптарында, жок дегенде, сиз иштеген чөйрөнүн иш-чараларына үзгүлтүксүз катышуу маанилүү. Бул жаңы таанышуулар, кызыктуу адамдар менен баарлашуу жана профессионалдык чөйрөңүздө байланыш курууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Мындай курал аркылуу аудиторияңызга жеке брендиңиздин таанылышын камсыздайсыз жана алар болсо сиздин потенциалдуу кардарларыңыз, өнөктөштөрүңүз, инвесторлоруңуз, ири иш берүүчүлөр жана баалуу кызматкерлер экени шексиз.

Мындай инструменттерди рационалдуу пайдалануу карьеранын да, бизнесиңиздин да активдүү өсүүсүнө жардам берет. Ар кандай материалдык эмес активдер сыяктуу эле, жеке брендди иштеп чыгуу үчүн көп жылдар талап кылынат жана ырааттуу стратегияны талап кылат, ошондуктан аны эртерээк баштоо зарыл.

Негизи эле жеке брендди түптөө кимге керек?

Азыркы учурда өзүңдү чыныгы адис катары көрсөтүү, өзүңдүн атыңды чыгаруу жана кеңири байланыш тармагын түзө билүү — дипломдон, иш тажрыйбадан да маанилүү болуп калды. Ошондуктан, жеке бренд блоггерлерге же бизнес ээлерине гана эмес, өз тармагында изденүүчү адис болгусу келген ар бир адамга керек. Анткени бул биз азыр биз жашап жаткан реалдуулуктун талабы болууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" мамлекеттик паркынын кирешеси 3 жылда 262,7 млн сомго чейин жеткен

"Ала-Арча" мамлекеттик паркынын кирешеси 3 жылда 262,7 млн сомго чейин жеткен

2022–2025-жылдар аралыгында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынан түшкөн киреше 65,8 млн сомдон 262,7 млн сомго чейин, башкача айтканда дээрлик төрт эсеге өскөнүн Президенттин иш башкармалыгы маалымдады. Маалыматка ылайык, кирешенин кескин өсүшү санариптештирүү, башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана туристтик инфраструктураны активдүү өнүктүрүү менен байланыштуу. Акыркы жылдары парк аймагында

Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн макулдашуу максатында Жогорку Кеңешке киргизилет. Жумгалбек Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси жана төраганын орун басары кызматтарын аркалап келген. Буга чейин президент

Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен №61 мектептин жанындагы курулуш иштери убактылуу токтотулуп, курулушка байланыштуу укук берүүчү документтер кайтарылып алынганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда №61 мектептин жанында 14 кабаттуу турак жай имараты курулуп жатканы тууралуу жарандардын видео кайрылуусу тараган.

Алкоголсуз суусундуктардын акциз салыгы казынага 2,4 млрд сом киреше алып келген

Алкоголсуз суусундуктардын акциз салыгы казынага 2,4 млрд сом киреше алып келген

2025-жылы алкоголсуз суусундуктарга салынган акцизден республикалык бюджетке 2,4 млрд сом түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда келтирилген. Бул товарлар тобу боюнча акциздик жыйымдардын жыйналышы 2024-жылга салыштырмалуу 58,9%га өскөн. Акциздин ставкасы литрине 3 сомду түзөт жана ТЭИ ТН (ТН ВЭД) 2202 категориясына кирген товарлардан алынат. Бул топко кант же башка