Кыргызстанда ак илбирсти байкоо турлары өнүгүп жатат

Кыргызстанда ак илбирсти байкоо турлары өнүгүп жатат

Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Индия, Монголия, Кытай жана Пакистанда ак илбирсти байкоо экотуризмдин популярдуу багытына айланды. Ушул тажрыйбадан шыктанган Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan фонду 2023-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын  колдоосу менен "Ак илбирс турлары — жергиликтүү жаратылышты сактоонун ачкычы" аттуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган.

Анын алкагында корук кызматкерлери жана жакынкы жамааттар үчүн окуу-тренингдер өткөрүлүп, керектүү жабдуулар — чатырлар, боз үйлөр, күн станциялары, жүк ташуучу баштыктар жана башка шаймандар сатылып алынган.

Бүгүнкү күндө мындай турлар күздүн ортосунан кыштын аягына чейин уюштурулат. Долбоор аяктагандан кийинки эки сезондо корукка жана ага чектеш аймактарга, анын ичинде Жангарт жана Ак-Шыйрак өрөөндөрүнө 10–12 топ (болжол менен 60–70 адам) барган.

Фонддун директору Кубанычбек Жумабай уулу белгилегендей, турлар учурунда коруктун жана жергиликтүү жаратылыштын сыйымдуулугу эске алынат. Ар бир топ алты адамдан ашпайт жана бир убакта коруктун аймагында бир нече топтун болбошу көзөмөлдөнөт.

2025-жылдан тарта ар бир турист жергиликтүү жамааттын жаратылышты коргоо фондуна 100 доллар өлчөмүндө салым кошуп жатат. Бул каражаттар корукчуларды колдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаратылышты коргоону стимулдаштырууга багытталат. Туризмдин туруктуу агымы шартында жылдык салым 7 миң долларга чейин жетиши мүмкүн — бул өлкөнүн алыскы аймактары үчүн олуттуу жардам.

Ар бир турдан түшкөн киреше 3–4 миң долларды түзөт. Кызматтарды толугу менен жергиликтүү тургундар — корукчулар, гиддер, ашпозчулар жана конок үйлөрүнүн ээлери көрсөтүшөт.

Маанилүүсү, бул жапайы жаныбарларды алардын табигый чөйрөсүндө тынч жана этият байкоо жүргүзүүгө багытталган турлар. Туристтер ак илбирстин сейрек кездешүүчү кадрларын, ошондой эле карышкыр, аюу, манул жана ири жырткыч куштарды сүрөткө тартууга умтулушат. Мурда "зыяндуу" деп саналган карышкыр жана түлкү сыяктуу жырткычтар да эми турлардын баалуу объектисине айланды.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, тур учурунда ак илбирсти көрүү ыктымалдыгы 90%га жетти — бул дүйнөлүк деңгээлде да өзгөчө көрсөткүч болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media