КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн - STAT.DATATHON-2026 сынагы өтөт

КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн -  STAT.DATATHON-2026 сынагы өтөт

Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча агенттигинин Улуттук статистика бюросу КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин колдоосу менен биринчи жолу эл аралык форматтагы “STAT.DATATHON-2026” сынагын өткөрөт. Мындай билдирүүнү Улуттук статистика кабинетинен кабарлашты.

Сынактын негизги максаты — маалыматтардын негизинде актуалдуу социалдык-экономикалык жана методологиялык маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын издөө, ошондой эле маалыматтар менен иштөө маданиятын жана алардын негизинде чечим кабыл алуу практикасын өнүктүрүү болуп саналат. Сынакты өткөрүүнүн этаптары:

-        14–18-сентябрь сынакка катышууга арыз берүү;
-        21-сентябрь — сынактын расмий ачылышы;
-        20-октябрь —жыйынтык чыгаруу.

Сынакка КМШга мүчө мамлекеттердин 35 жашка чейинки жарандары катыша алышат. Катышуу 2ден 5 адамга чейинки топтор менен жүргүзүлөт. Катышуу үчүн белгиленген мөөнөттө сынактын расмий сайтында жайгаштырылган форма боюнча арыз толтуруу зарыл.

Улуттук статистика комитети - жаш адистерди, билим берүү мекемелеринин, IT, изилдөө жана башка уюмдардын өкүлдөрүн эл аралык сынакка катышуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, активдүү катышууга чакырат. Сынактын шарттары, катышуу талаптары жана арыз берүү тартиби тууралуу толук маалыматты расмий сайттан алууга болот: datathon.stat.gov.kz

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media