Нарында жеке ишкер наркы 100 млн евролук ГЭСтин курулушун баштады
Нарын районунун Куланак айыл аймагында, Нарын суусунун боюнда кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталганын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, “Куланак” ГЭСин куруу долбоору жеке ишкер Кутубай Мурзабаев жетектеген “Нарын” ЖЧК өндүрүштүк ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылууда. “Долбоорго ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу – 100 МВт. Куруу мөөнөтү – 4 жыл. Жылына