акыркы жаңылыктар

УКМК: «Соцсервис» МИ мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтиргени аныкталды

УКМК: «Соцсервис» МИ мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтиргени аныкталды

УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканаларда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө «Соцсервис» МИ мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирген деп табылып, анын мурдагы директору Аман Абдылдаев камакка алынды. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караган «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана

МСК ЭИКтин директору Сыдыковду коомчулукту «козутпоого» чакырды

МСК ЭИКтин директору Сыдыковду коомчулукту «козутпоого» чакырды

Мамлекеттик Салык кызматы Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыковду негизсиз айыптоолордон алыс болууга чакырды. 3-февралдагы онлайн брифингде Сыдыковдун «салык кызматкерлери ай сайын ишкерлерден пара талап кылып жатат» деген билдирүүсүн МСК «дооматтар чындыкка дал келбейт» деп билдирди. «МСК ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдон коомчулуктун тынчын албай, негизсиз

Бирдиктүү салыктын 8% жаңы ставкасы рестораторлорду көмүскөгө кетүүгө түртөт – Аскар Сыдыков

Бирдиктүү салыктын 8% жаңы ставкасы рестораторлорду көмүскөгө кетүүгө түртөт – Аскар Сыдыков

Коомдук тамактануу жайларына коюлган бирдиктүү салыктын 8%дык жаңы ставкасы ишкерлерди көмүскөгө кетүүгө мажбурлайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди. ЭИКтин жетекчиси Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык – 2022-жылдын 1-январынан тартып атайын коомдук тамактануу ишканалары үчүн

Президент менен Кытайга кимдер кетти?

Президент менен Кытайга кимдер кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, КЭРдин Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Президент менен бирге бир катар мамлекет кызматкерлери да кетишти. Алар: * Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев * Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев * КРнын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова * Экономика жана коммерция министри

Өмүрбек Текебаев КРнын Германия, Норвегия, Дания, Швеция, Польша жана Ватикандагы элчиси болуп дайындалды

Өмүрбек Текебаев КРнын Германия, Норвегия, Дания, Швеция, Польша жана Ватикандагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаевди Кыргызстандын Германиядагы элчиси кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматынан, ошондой эле Берлиндеги резиденциясы менен бир убакта Норвегиядагы, Даниядагы, Швециядагы, Ватикандагы жана Польшадагы элчиси кызматынан бошотулду. Текебаев эми

Жаштар ашыкча – Министрлер кабинети кыргызстандыктарды чет мамлекеттерге иштөөгө жөнөтүүнү көздөөдө

Жаштар ашыкча – Министрлер кабинети кыргызстандыктарды чет мамлекеттерге иштөөгө жөнөтүүнү көздөөдө

Министрлер кабинети жаш муундагы жумушчу күчү арбын деп, аларды чет өлкөгө иштөөгө жөнөтүүнү уюштуруу жолдорун кароодо. Бул президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган жыйында эмгек мигранттарын уюшкандык менен ишке орноштурууга мамлекеттик органдардын ишин

«KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алынат

«KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алынат

Министрлер Кабинети «KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун жактырганы кабинеттин 100 күндүк отчетунда айтылат. Министрлер кабинети алынган грант мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүүгө пайдаланылат деп билдирди. Ошондой эле кабинет «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн 5.3 млрд сомго чейин көбөйткөнүн, бул

Ошто Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Ошто Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Быйыл Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору (ИТБ) ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Экономика министрлиги өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле Ош шаарында ИТБны ишке киргизүү тартиби жана шарттары жөнүндө Министрлер кабинетинин бекитилген токтому чыкканын белгиледи. Ошол эле учурда анын ачылуу мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Министрлик ИТБнын милдети – жеке жана

«Ками Моторстун»  директору болуп 24 жаштагы Нурбек Арсен уулу дайындалды

«Ками Моторстун» директору болуп 24 жаштагы Нурбек Арсен уулу дайындалды

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) 2022-жылдын 1-февралынан тартып «Ками Моторс» ААКтын директору Алия Сапарбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын билдирди. Компаниянын директорлор кеңешинин 2022-жылдын 31-январындагы отурумунун натыйжасында, директорлук орунга 1998-жылкы Нурбек Арсен уулу дайындалган. Эскерте кетсек, «Ками Моторс» ААК автоунааларды чыгаруу жана сатуу ишмердүүлүгү менен алектенет.

ОКӨФ Чоң-Алай районуна айыл чарба техникаларын алууга 1.1 млн доллар берет

ОКӨФ Чоң-Алай районуна айыл чарба техникаларын алууга 1.1 млн доллар берет

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Ош облусунун Чоң-Алай районуна айыл чарба техникаларын алып келүү долбоорун колдойт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү келишимге «СЕВЕР-ЮГОЙЛ» компаниясы менен кол коюлган. Фонд ага 1 млн 194 миң доллар өлчөмүндө 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген насыя берет. Бул каражатка ишкана

Жогорку соттун судьясынын кирешеси дээрлик 7 млн сомду түзөт

Жогорку соттун судьясынын кирешеси дээрлик 7 млн сомду түзөт

«Клооптун» журналисттери Жогорку соттун судьяларынын 2020-жылга карата декларацияларын текшерип, жыл ичинде эң эле көп киреше тапкан беш адамдын тизмесин түзгөн. Декларацияга ылайык, 2020-жылы судья Нурсейит Арапбаев 6 млн 889 миң сом киреше алган. Административдик иштер боюнча коллегиянын мүчөсү Арапбаевдин ал убакта 1 млн сомдон ашык сумманы түзгөн малы,

Караколдо «Дос Кредо» банктын кеңсесинде өрт чыкты

Караколдо «Дос Кредо» банктын кеңсесинде өрт чыкты

Бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан «Дос Кредо» банктын кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ жалпысынан имараттын