10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт – каалоочулар катышса болот
10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Ага экономиканын түрдүү тармактарынан 50гө жакын түрк фирмалары катышат. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган форум Sheraton Bishkek отелинде өтөт. Аны Түркиянын Инвестициялар министрлиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурууда. Бизнес форумдун алкагында ата мекендик компаниялар түркиялык потенциалдуу бизнес