40 ишкер бизнести илгерилетүү мектебинде билим алууда
22-июндан 25-июнга чейин Ысык-Көлдө Кыргызстандын түндүк аймактарынан тандалып алынган 40 ишкер үчүн «Айылдык Табышкер» программасынын алкагында тренингдер өтүүдө. Бул тууралуу «Сорос» Фондунун маалымат кызматы билдирет. Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 200 ишкер менен жеке маектешүүдөн кийин, мектептен өтүү үчүн мыкты арыздар тандалган. Үч күндүк мектептен кийин