Россия КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын жабдууларды сатып алуу үчүн 20 млн доллар берет
Кыргызстан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды алуу үчүн Россия менен 20 млн долларга келишим түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, келишимдин алкагында 100дөн ашык өрткө каршы шаймандарды, эки тик учакты жана башка керектүү жабдыктарды сатып алуу пландалууда. Каражаттар толугу менен