акыркы жаңылыктар

Кытайдан товарларды алып келүү тездейт – Кытай бийлиги КРга чек арада текшерүүнүн тездетилген механизмин сунуш кылды

Кытайдан товарларды алып келүү тездейт – Кытай бийлиги КРга чек арада текшерүүнүн тездетилген механизмин сунуш кылды

Кытай кыргыз бийлигине кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүнүн эпидемиологиялык көзөмөлдү эске алуу менен, тездетилген механизмин кабыл алууну сунуштады. Бул механизм 18-июнда эки мамлекеттин эксперттери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан талкууланганын КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жүктөрдү текшерүүнүн жаңы механизми жүктөрдү жана жүк ташуучу унааларды «Торугарт» жана

Кыргызстанга Sputnik V вакцинасынын 80 миң дозасы келди

Кыргызстанга Sputnik V вакцинасынын 80 миң дозасы келди

Кечээ, 17-июнда Кыргызстан 40 миң адамды эмдөө үчүн 80 миң дозада Россиянын «Гам-КОВИД-Вац» (Спутник V)  вакцинасынын экинчи партиясын алды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. 25 миң доза вакцина Бишкектеги эмдөө борборлоруна таратылат, калгандары жакынкы мезгилде өлкөнүн аймактарына жөнөтүлөт. Жалпы вакциналарды сатып алууга республикалык бюджеттен жалпы суммасы

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө тозотунун модернизациясы 2022-жылы бүтөт

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө тозотунун модернизациясы 2022-жылы бүтөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна иш сапарынын алкагында «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысына жүктөрдү өткөрүү тартиби, анын ичинде радиациялык-порталдык мониторлордун иши, жүктөрдүн инспекциялык тыкыр текшерүүдөн өтүүсүнө мүмкүндүк берген, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин

КММ кымбаттап жатат – Кыргызстан бензиндин арзан баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 9 позицияга төмөндөдү

КММ кымбаттап жатат – Кыргызстан бензиндин арзан баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 9 позицияга төмөндөдү

176 өлкөдөгү күйүүчү майга болгон бааны Global Petrol Articles аналитикалык ресурсу байкап турат. Алардын 14-июндагы маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 1 литр бензиндин орточо баасы 1.18 долларды түзөт. Рейтингге ылайык, эң арзан бензин Венесуэлада – ал 0.02 доллар, ал эми эң кымбаты Гонконгдо – 2.505 доллар турат. Жыл

Жолдорго берилген тышкы насыялар. 28 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды?

Экономика

Жолдорго берилген тышкы насыялар. 28 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды?

Жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына 2.68 млрд доллар тартылган, бул тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 23.4%ын түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын 405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө, калган 2.27 млрд доллары насыя түрүндө келген. «КРга берилген тышкы жардамдардын

Кыргызстандан Иранга түз аба каттамы ачылды

Кыргызстандан Иранга түз аба каттамы ачылды

Пандемияга байланыштуу узакка созулган тыныгуудан кийин Мешхед – Бишкек – Мешхед биринчи рейсин «Манас» эл аралык аэропорту тосуп алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясы бул аба каттамын айына бир жолу жүргүзүүнү пландаштырууда. Учуунун узактыгы 2.5 саат. «Манас» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга боло тургандыгын бул жерден

Кыргыз – Өзбек Өнүктүрүү Фонду түзүлөт

Кыргыз – Өзбек Өнүктүрүү Фонду түзүлөт

Кечээ, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү Фондун (КӨӨФ) түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырышты. Бул келишимге 2021-жылы 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган. Келишимдин негизинде КӨӨФ эл аралык укук жөндөмүнө ээ болот жана эл аралык

Чүй облусунун башчысы депутаттарды өз чөнтөгүнөн каражат бөлүп, сугат маселесин чечүүгө чакырды

Чүй облусунун башчысы депутаттарды өз чөнтөгүнөн каражат бөлүп, сугат маселесин чечүүгө чакырды

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин айтымында, акыркы 30 жылда сугат системасы талкаланган. Анын берген маалыматына ылайык, бир суу кудугун калыбына келтирүү үчүн 115 миң сомдон 150 миң сомго чейин каражат талап кылынат. Ал өз каражатынан бир канча суу арыгын калыбына келтирген жана депутаттарды да бул ишке салым

1-июлдан баштап Ош шаарында той, маараке жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат

1-июлдан баштап Ош шаарында той, маараке жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат

Ош шаардык мэриясында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл стандарттарын кармоо үчүн ресторандардын, тойканалардын, коомдук тамактануучу жайлардын жетекчилеринин жана администраторлорунун жоопкерчилигин жана санитардык эрежелердин  сакталышын текшерүү боюнча иштерди күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Белгиленгендей, 1-июлдан баштап түштүк борбордо той, маараке жана коомдук иш-чараларды

Баткенге келбеген ИИМдин башчысы Ысык-Көлгө барып, милициянын туристтик сезонго даярдыгын текшерди

Баткенге келбеген ИИМдин башчысы Ысык-Көлгө барып, милициянын туристтик сезонго даярдыгын текшерди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Баткен облусуна келбеген Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков Ысык-Көлгө барып, Чолпон-Ата шаарындагы милициянын туристтик сезонго даярдыгын текшерди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 16-июнь күнү Ниязбеков Чолпон-Ата шаарынын эски аэропортунда өткөн Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын

Германиялык дипломаттар КРда министрлер кабинетинин алдында инвестициялык кеңеш түзүүнү сунушташты

Германиялык дипломаттар КРда министрлер кабинетинин алдында инвестициялык кеңеш түзүүнү сунушташты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов КРнын Германиядагы ардактуу консулдары Карл Элердинг, Райнхольд Краммель, Хольштайн Крошк, ошондой эле «KNAUF» компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча директору Александр Блумхард менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы КРнын ардактуу консулдары катары алардын эки өлкө ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө болгон салымын белгиледи.

Коммерциялык эмес уюмдарды финансы боюнча отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды

Коммерциялык эмес уюмдарды финансы боюнча отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 17-июнда коммерциялык эмес уюмдарды өз каржылары жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. «Мыйзам долбооруна ылайык, акысыз негизде берилген каражаттардын эсебинен иштеген коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын финансылык ресурстардын пайда болуу булактары жана аларды кантип сарптагандыгы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү», – деп маалымдайт Kaktus.