акыркы жаңылыктар

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Кыймылсыз мүлк

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Куванычбек Конгантиев жаңы Ош базары боюнча долбоорду ишке ашырууга ким жооптуу экенине кызыкты. "Кечээ жеринде барып көрүү учурунда Иш башкармалыгынын жетекчиси 916 соодагер көчүрүлүп, ар бири өз ордун ала турганын айтты. Бирок бүгүн Ленин районунун акиминин айтымында, учурда Ош базарында 8,5 миң соода орду

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

Кыймылсыз мүлк

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

Курулуш министрлигинин шаар куруу департаментинин алдындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору "Бурана" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагын көрктөндүрүүгө багытталган жаңы эскиздик долбоорду даярдашты. Долбоордо комплексине чектеш аймакты жашылдандыруу, чакан архитектуралык формаларды орнотуу, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү, ошондой эле зыяратчылар үчүн комфорттуу коомдук мейкиндикти уюштуруу каралган.

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Энергетика

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 2026-жылдын 5-февралында парламент жыйынында өлкөнү газдаштыруу иштери качан толук аяктай турганына кызыкты. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын экономика жана финансы боюнча башкы директорунун милдетин аткаруучу орун басары Арзымат Алдаяровдун маалыматына ылайык, компания Кыргыз Республикасын толук газдаштырууну жакынкы 5 жылдын ичинде, болжол менен 2030-жылга чейин бүтүрүүнү

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Бизнес маек

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Бүгүн “Ишкер медиа” “Борбордук Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары жөнүндө макалалардын топтомунун биринчи материалын жарыялайт. Бул макалада эмгек миграциясындагы кыйынчылыкты жеңип гана тим болбостон, ошону менен бирге ишкердиктин комплекстүү негиздери тууралуу окуудан өтүп, андан кийин демилгенин колдоосу менен “1+1” каржылоосунун натыйжасында өз ишин ачууга жетишкен

Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

Транспорт

Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

2026-жылга карата Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 6 млрд 5 млн сом өлчөмүндө каражат сурап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын ичинде: * коомдук транспортко берилүүчү субсидияларга — 1 млрд 204 млн сом, * борбор калаадагы 401 жол

Парламентте МИК турак жайларынын өздүк наркы канча?

Кыймылсыз мүлк

Парламентте МИК турак жайларынын өздүк наркы канча?

Парламентте депутат Нурланбек Азыгалиев сатылып жаткан турак жайлардын өздүк наркына кызыкты. МИКтин жетекчисинин орун басары Нурлан Кудайкуловдун айтымында, турак жайдын бир чарчы метринин өздүк наркы Бишкекте 59 миң 140 сомду, ал эми аймактарда 64 миң 800 сомду түзөт. Кудайкулов сатуу баасы бир чарчы метр үчүн 900 доллардан 1400 долларга чейин

ЕАЭБде какао майын импорттоого жеңилдик киргизилди

Экономика

ЕАЭБде какао майын импорттоого жеңилдик киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши какао майын импорттоого тарифтик жеңилдик киргизүү чечимин кабыл алганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Чечимге ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН (ТН ВЭД) 1804000000 коддору боюнча какао майын импорттоодон бажы төлөмдөрү төлөнбөйт, жылына 300 тоннага чейин колдонулушу мүмкүн. Тарифтик жеңилдик жыл сайын колдонулат жана анын мөөнөтү

Чүй облусунда эки жаңы оорукана куруу пландалууда

Коом

Чүй облусунда эки жаңы оорукана куруу пландалууда

Чүй облусунун Сокулук районунда жана Кара-Балта шаарында жаңы ооруканаларды куруу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кара-Балта шаарында саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу максатында жаңы оорукана куруу чечими кабыл алынган. Министр белгилегендей, бул маселе Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов менен

ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттарына пенсиялар чектелүүдө

Коом

ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттарына пенсиялар чектелүүдө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагында иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болгон жарандар эмгек мигранттары катары эсептелет. ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларусь кирет. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Кыргызстанда аталган Макулдашуунун алкагында Социалдык фонд тарабынан 163 жаранга пенсия чектелген. Анын ичинен 146сы Россия Федерациясынын жарандары.

Кочкор районунда 80,3 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Коом

Кочкор районунда 80,3 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Кочкор районунда мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 1996-2006-жылдар аралыгында Ормон-Хан жана Чолпон айыл аймактарында жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Коом

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Кабыл алынган өзгөртүүлөр рыноктун ак ниет катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле карантиндик фитосанитардык көзөмөл жол-жоболорунун ачыктыгын

Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилерде кемчиликтер аныкталды

Коом

Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилерде кемчиликтер аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилердин курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө Алай районунун Жаңы-Алай айылында “Азия Курулуш Компани” ЖЧКсы куруп