Гранттар жана кредиттер
Абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар тартылат
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риддл жана банктың Европада жана Борбордук Азиядагы айлана-чөйрө маселелери боюнча адистери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда Дүйнөлүк банк өкүлдөрү Кыргызстанда экология тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктарын жогору баалап,