Экономика
Былтыр Кыргызстанда электр энергиясы менен күйүүчү май көбүрөөк кымбаттаган
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 7,8%га өстү.Расмий статистиканын маалыматына ылайык, эң жогорку кымбаттоо энергетика жана күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) тармагында катталды. Эң олуттуу өсүш турак жай кызматтары, суу жана энергия категориясында байкалды — 14%. Мунун негизги себеби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген 2025–2030-жылдарга карата Орто