Банктар
Эмне үчүн акча алмаштыруу бюролорунда акчаны нак эмес алмыштурууга болбойт?
Бүгүн “Ишкер медиа” Бишкек шаарындагы бир нече алмаштыруу бюросуна кайрылып, нак эмес акчаны алмыштурууга аракет жасады. Тагыраагы, төлөм карт же QR код аркылуу АКШ долларын сатып алуу мүмкүн болгон жок. Бардык акча алмыштуруучулар нак акча менен гана иш алып баруу мүмкүндүгүн билдирип, чет өлкө валютасын нак эмес сатуудан баш тартышты.