Коом
Өрт коопсуздугун сактабаган ишканаларга 9 айда 11,7 млн сом айып пул салынган
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекеттик жана жеке ишканаларда 6 595 текшерүү жүргүздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га көп. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында 4 269 көрсөтмө берилген жана 588 административдик протоколдун негизинде 11,79 млн сом айып пул салынган. Айып