Коом
ИИМ министри коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пул төлөдү
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пул төлөдү. Министрдин имараттын алдында тамеки тартып жаткан видеосу социалдык тармактарга тарагандан кийин бул факт коомчулуктун көңүлүн бурган. КРнын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, Ниязбековго карата административдик чара көрүлүп, 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мекеме мыйзам бардык