Коом
Спирт агенттиги жана "Кара-Балта спирт заводунда" ири аудиттик кемчиликтер аныкталды
Эсептөө палатасы Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке жана “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын карады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Агенттик боюнча: Аудит натыйжасында мыйзамсыз алынган алкоголдук продукция боюнча эсеп так жүргүзүлбөгөнү, айып санкцияларын өндүрүүдө кечигүүлөр болгондугу, 2023-жылга мамлекеттик сатып алуулар планы бекитилбегени