акыркы жаңылыктар

Сокулукта мыйзамсыз жыйналган 1425 кг эндик чөптүн тамыры аныкталды

Коом

Сокулукта мыйзамсыз жыйналган 1425 кг эндик чөптүн тамыры аныкталды

Сокулук районунда мораторийге кирген эндик чөп мыйзамсыз жыйналып жатканын аныкташты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Чүй регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, Торт-Күл айыл аймагында өткөрүлгөн биргелешкен рейд учурунда Почтовая көчөсүндөгү №77 үйдөн мораторийге кирген эндик өсүмдүктүн (макротомия) тамыры табылды. Жалпы салмагы 1425 килограммга жеткен чөп мыйзамсыз

Салык кызматы ишкерлер менен бизнес маселелерин талкуулады

Бизнес

Салык кызматы ишкерлер менен бизнес маселелерин талкуулады

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөрдү талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты. Жолугушууга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, орун басары Кубанычбек Ысабеков, башкармалыктардын жетекчилери жана адистер катышты. Төрага өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — бизнес үчүн жөнөкөй, ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүү, административдик

Эмгек министрлиги Дүйнөлүк банк менен социалдык кызматташтыкты күчөтөт

Коом

Эмгек министрлиги Дүйнөлүк банк менен социалдык кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Хью Риддел менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда социалдык коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды. Министр Канат Сагынбаев Дүйнөлүк банктын социалдык

Президент: Энергетика тармагынын 137 млрд сом карызынын 112 млрд сому жабылды

Саясат

Президент: Энергетика тармагынын 137 млрд сом карызынын 112 млрд сому жабылды

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика тармагы 2020-жылга чейин оор абалда болгонун, карыздын көлөмү өскөнүн жана ошол кездеги башкаруулар маселени терең кризиске алып келгенин айтты. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Өлкө башчысы билдиргендей, энергетика тармагындагы карыз жүгү жылдар өткөн сайын олуттуу өсүп келген. Эгер 1990–2010-жылдар

Бишкек мэриясы жол чырактардын өчүп жатканы боюнча түшүндүрмө берди

Коом

Бишкек мэриясы жол чырактардын өчүп жатканы боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаарында жол чырактар акыркы учурда байма-бай өчүп жатат. “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы билдиргендей, ыкчам чаралар көрүлүп, жол чырактар калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жол чырактардын өчүшүнө райондук электр тармактарындагы электр жарыгынын өчүшү себеп болуп жатат. Ишкана жол чырактарды толугу менен кайра иштетүү үчүн бардык аракеттерди

КМШ омбудсмендери балдардын көйгөйлөрүн талкуулашты

Коом

КМШ омбудсмендери балдардын көйгөйлөрүн талкуулашты

13-ноябрда Минск шаарында (Беларусь) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн комиссиясынын алтынчы отуруму болуп өттү. Ага КМШ өлкөлөрүнүн омбудсмендери, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым

Бишкектеги мыйзамсыз курулушка 423 миң сом айып салынды

Коом

Бишкектеги мыйзамсыз курулушка 423 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы курулуш объектилерин көзөмөлдөп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Токмок көчөсү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйлөрдө, ошондой эле Мичурин

Ысык-Көл электр тармагы күз-кыш мезгилине толук даярдык көрдү

Энергетика

Ысык-Көл электр тармагы күз-кыш мезгилине толук даярдык көрдү

Ысык-Көл электр тармагы 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине бардык даярдык иштерин аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Даярдыкта энергетикалык объектилерде, электр берүү чубалгылары жана көмөк чордондордо пландык оңдоо жана техникалык тейлөө жүргүзүлдү. Негизги максат — аймактын тургундарын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу. Негизги иштер: * 61 подстанцияда 4863 жабдууга тейлөө жүргүзүлдү,

Этке баа чектелди: кайсы райондо канча сом?

Экономика

Этке баа чектелди: кайсы райондо канча сом?

Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагында – базарларда, супермаркеттерде жана дүкөндөрдө – социалдык маанилүү товарлардын бааларына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзө баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бекитилген максималдуу баалар боюнча: Бишкек шаары: уй эти — 680 сом/кг, кой эти — 670 сом/кг Чүй облусу:

G20 саммити тарыхта биринчи жолу негизги 3 лидерсиз  өтөт

Экономика

G20 саммити тарыхта биринчи жолу негизги 3 лидерсиз өтөт

АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путин баруудан баш тартышкандан кийин  КЭР төрагасы Си Цзиньпин да G20 саммитине барбай турганын билдиргенин немис Die Zeit басылмасы жазып чыкты.  Кытай ТИМи Түштүк Африка республикасынын борбору Йоханнесбургда 21-23-ноябрда боло турган бул саммитке Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян барарын маалымдаган.  Ошентип тарыхта

Бишкекте заманбап реабилитациялык борбор курууга жер тилкеси каралат

Коом

Бишкекте заманбап реабилитациялык борбор курууга жер тилкеси каралат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тургундар менен жолугушуу өткөрүп, шаардык маселелер боюнча суроолорун угуп чыкты. Жарандар турак жай менчиктештирүү, жер тилкелерин тактоо жана ижара мөөнөтүн узартуу маселелерин көтөрүштү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда айрым тургундар заманбап реабилитациялык борбор куруу демилгесин сунушташып, буга чейинки долбоорлор боюнча тажрыйбаларын белгилешти. Мэр Айбек Джунушалиев шаардык

Ноокатта 2024-жылдагы аудитте 123,16 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Экономика

Ноокатта 2024-жылдагы аудитте 123,16 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын Ноокат районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык ишканалары боюнча 2024-жылга карата аудит жүргүздү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан билдиришти. Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпы 123,16 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды. Алардын ичинен 115,09 млн сомду калыбына келтирүүгө тийиш, анын 110,0 млн