Бишкекте мыйзамсыз иштеген медициналык клиникалар, дары-дармектер табылды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен Саламаттык сактоо министрлигинин адистери биргелешип жүргүзгөн текшерүүлөрдө мыйзамсыз иштеген медициналык клиникалар менен уруксат берилбеген дары-дармектердин ири партиясы табылган. Борбордук клиникалардын биринде документтери жок медициналык буюмдар жана жабдыктар алынган. Ошондой эле ал мекеме салыктык каттоосу жана милдеттүү лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган. Ошондой эле фармацевтикалык