акыркы жаңылыктар

Атайын долбоор алкагында ишкерлерге 9 млрд 435 млн 925 миң сом үстөк пайызсыз насыя берилди

Бизнес

Атайын долбоор алкагында ишкерлерге 9 млрд 435 млн 925 миң сом үстөк пайызсыз насыя берилди

“Чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлер 9 млрд 435 млн 925 миң сом үстөк пайызсыз насыя алышканын “Биринчи радио” эфиринде Финансы министрлигинин насыялык линияларды башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева билдирди. Анын айтымында, долбоордун ишке кирген мезгилинен тартып 2025-жылдын октябрына чейин 11 821 ишкер финансылык жардам алышкан.

Курулуш тармагындагы эл аралык кызматташтык өнүгүүдө

Коом

Курулуш тармагындагы эл аралык кызматташтык өнүгүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Ташкент шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн курулуш тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 46-жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты. Жыйында турак жай курулушу, архитектура жана заманбап технологияларды колдонуу багыттарында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында 143,98 млн сом насыя берилди

Гранттар жана кредиттер

Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында 143,98 млн сом насыя берилди

Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, региондордун өнүгүшүнө, жашыл экономиканын өнүгүүсүнө жана экономикалык өсүшкө дем берүү максатында, Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору бекиткен. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты — ишкерлерге жана жарандарга жеткиликтүү, төмөн пайыздагы жана жеңилдетилген шарттагы кредиттерди берүү аркылуу

Кыргызстан 34 мамлекетте 100 шайлоо участогун ачат

Саясат

Кыргызстан 34 мамлекетте 100 шайлоо участогун ачат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу

Кыргызстан Новосибирск шаарында дүң соода-логистикалык борборун курууну пландап жатат

Экономика

Кыргызстан Новосибирск шаарында дүң соода-логистикалык борборун курууну пландап жатат

Кыргызстан Новосибирск шаарында дүң соода-логистикалык борборун курууну пландаштырып жатканын Экономика министрлигине караштуу “Кыргызэкспорт” өнүгүү жана экспортту жылдыруу боюнча борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев билдирди.  “Биздин Россияга негизги айыл чарба продукцияларын жеткирүүлөрүбүз Новосибирск хабы аркылуу өтөт. Ал жер бардык Урал регионуна, Екатеринбург, Карасноярск жана Якутияга чейин товарлар таралуучу өзүнчө

Араван менен Кара-Сууда пахта түшүмү эки эсеге көп болду

Коом

Араван менен Кара-Сууда пахта түшүмү эки эсеге көп болду

Акыркы үч жылда Араван жана Кара-Суу райондорунда кытай сортундагы пахталар эгилип, сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу ыкмалары орнотулду. Натыйжада пахтанын түшүмдүүлүгү эки эсеге өскөн. Мурда 35-40 ц/га болсо, азыр 60-65 ц/га жетүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын түшүмүнө кытайлык “Хунтай” компаниясынан 8

Яндекс Такси: Жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугу 800 миң сомго чейин камсыздандырылат

Транспорт

Яндекс Такси: Жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугу 800 миң сомго чейин камсыздандырылат

Яндекс Такси сервисинде жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын өмүрү менен саламаттыгы 800 миң сомго чейин камсыздандырылат. Бул тууралуу “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов билдирди. “Биз баарынан мурда коопсуздук маселесине абдан олуттуу мамиле жасайбыз. Мисалы, такси кызматындагы коопсуздук боюнча: айдоочулардын бардыгы тиркеме аркылуу сөзсүз курстан өтүшөт. Бул курста тиркемени колдонуу, жол коопсуздук

Кыргызстан агроэкспортун 2030-жылга карата эки эсеге көбөйтүү пландалууда

Экономика

Кыргызстан агроэкспортун 2030-жылга карата эки эсеге көбөйтүү пландалууда

KyrgyzTransLogistic 2025 эл аралык көргөзмөсүнүн панелдик сессиясында Кыргызстан 2030-жылга карата агороэкспорт көлөмүн эки эсеге көбөйтүүнү максат кылып жатканын КРнын Агроөноржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев билдирди.  Ал өткөн жылы кол коюлган Президенттин “Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык экпортту стимулдаштыруу, айыл чарба продукцияларын кайра

Кыргыз сому 17-ноябрда "Учкун" басмаканасында чыга баштайт

Банктар

Кыргыз сому 17-ноябрда "Учкун" басмаканасында чыга баштайт

17-ноябрдан тарта Кыргызстан ичинде 20 жана 50 номиналындагы сомдор чыгарыла баштары кечээ Президент Садыр Жапаровдун Улуттук Банктын жаңыланган имаратын көрүү убагында маалым болду.  Президенттин маалымат-катчысы Аскат Алагөзов Facebook социалдык тармагына койгон видеодо өлкө башчысы Кыргызстанда жаңы жылга чейин акчалар басылып чыгар чыкпасын тактап жатканын көрүүгө болот.  Бул ишти

Кыргызстандын эл аралык резерви 7,5 млрд долларды түзөт

Банктар

Кыргызстандын эл аралык резерви 7,5 млрд долларды түзөт

Кыргызстандын эл аралык резерви 2025-жылдын 1-октябрына карата 7,5 млрд. долларды түзүп, жыл башынан бери 48,5%га жогорулаганын бүгүн Улуттук банк төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.  Анын айтымында, жеткиликтүү деңгээлдеги резервдерди кармоо сырткы экономикалык тобокелчиликтерди азайтууда жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөдө ишеничтүү таяныч катары кызмат кылат.  А.

Тилек Сулайманов: "Чыгырыктар үчүн 200-300 атайын токтотуучу жай уюштурабыз"

Коом

Тилек Сулайманов: "Чыгырыктар үчүн 200-300 атайын токтотуучу жай уюштурабыз"

Бишкекте чыгырыктар (электросамокаттар) үчүн 200–300 атайын токтотуучу жайлар уюштурулат. “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулаймановдун маалыматына караганда, бул иш-чаралар самокаттарды колдонууну жөнгө салууга жана шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталат. Анын айтымында, чыгырыктарды колдонуучулардын 70%ы көңүл ачуу үчүн эмес, бир жерден экинчи жерге жеткирүүчү каражат катары колдонушат.

Президент Улуттук банк төрагасына алтын куймаларын документсиз сатууну буйруду

Экономика

Президент Улуттук банк төрагасына алтын куймаларын документсиз сатууну буйруду

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имараты менен таанышуу учурунда банк төрагасы Мелис Тургунбаевден финансылык көзөмөлдөөчү орган алтын куймаларын кандай сатып жатканын сурады.   Улуттук банк төрагасы алтындын кымбатташы менен алтын куймаларына суроо-талап жогорулап жатканын билдирди. Ошондой эле өлкө башчы “Кыргызалтындын” баалары менен Улуттук банктын алтын куймаларына болгон бааларынын айырмачылыгына,