акыркы жаңылыктар

Бишкек - Алматы багытында электр автобустары каттай башташы мүмкүн

Бишкек - Алматы багытында электр автобустары каттай башташы мүмкүн

Бишкек менен Алматынын ортосунда электр автобустары каттай башташы мүмкүн. Бул долбоорду Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) эксперттери ишке ашырууну сунуштаганын КРнын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун маалымат кызматы билдирди. Мындай сунуш Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулган Алматы – Бишкек экономикалык коридорунун (АБЭК) транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кыргыз-казак жумушчу тобунун экинчи отурумунда

Кыргыз компаниялары каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада кармай башташты

Бизнес

Кыргыз компаниялары каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада кармай башташты

Кыргызстандагы компаниялардын депозиттеринин жалпы көлөмү 149.8 млрд сомдон ашты. Жыл башынан бери өсүш 41.7 млрд сомду түзгөнү Улуттук банктын отчетунда айтылат. Эң чоң өсүштү чет өлкөлүк валютадагы депозиттер көрсөттү – ал январь айында 47.6 млрд сом болсо, сентябрдын акырына карата 74.3 млрд сомго жеткен. Мында мөөнөттүү депозиттердин

Жалал-Абад облусунун ишкерлери үчүн 50 миң долларга чейин каржылоо берилет

Жалал-Абад облусунун ишкерлери үчүн 50 миң долларга чейин каржылоо берилет

Accelerate Prosperity компаниясы Жалал-Абад облусундагы кичи жана өнүгүп келе жаткан ишканалардан Европа Биримдиги жана Ага Хан тарабынан каржыланган Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында өтө турган бизнес акселераторуна катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу башталганын жарыялады. «Экселерейт просперити Азия» долбоор КРнын айыл жерлеринде ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Айымдар

Энергетикалык суусундуктардан төрт айда 78 млн сом акциз салыгы чогулду

Энергетикалык суусундуктардан төрт айда 78 млн сом акциз салыгы чогулду

Салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 78 млн сомдон ашык акциз салыгын чогултканын билдирди. Эске салсак, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы 2022-жылдын 1-июлунан тартып чогулуп баштаган жана андан бери 78.4 млн сом чогулткан. Чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37.1 млн сом акциз салыгын жана

Ысык-Көлдөгү бир мөңгү эми «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» деп аталат - президент ыйгарды

Ысык-Көлдөгү бир мөңгү эми «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» деп аталат - президент ыйгарды

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү бир мөңгүгө шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымын ыйгарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Президент Жапаров БАЭнин президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда ага Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө “шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышы ыйгарылганы жөнүндө

«Демирбанк» УКМКнын буйругу менен «Азаттыктын» эсебине бөгөт койду

«Демирбанк» УКМКнын буйругу менен «Азаттыктын» эсебине бөгөт койду

“Азаттык Медиа” мекемеси “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди. “Демирбанк” “Азаттыктын” эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдирген. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. “Азаттык Медиа” ошол эле учурда УКМКга дагы мекеменин банктагы

Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок - биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды

Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок - биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды

Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүн курууга экинчи жолу кайрадан тендер жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Мэриянын берген маалыматына таянсак, биринчи жолу жарыяланган тендер катышуучу компаниялар квалификациялык талаптарга жооп бербегендиктен жараксыз деп табылган. Учурда “Данги” участкасындагы башкы суу алуучу жайды жана Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүн курууга

Октябрь айында өлкөдөгү жылдык инфляция 14.9%ды түздү

Экономика

Октябрь айында өлкөдөгү жылдык инфляция 14.9%ды түздү

КРда 2022-жылдын 21-октябрына карата маалыматтар боюнча жылдык инфляция ушул эле жылдын сентябрь айындагы 15.5%дан төмөндөп 14.9%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча КРда ИДӨ боюнча реалдуу өсүш өткөн жылдагы төмөн базанын таасиринен улам 7.2%ды түзгөн. Кыйла жогорку өсүш арым

Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды - жыл башында 8.5% болчу

Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды - жыл башында 8.5% болчу

Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 14% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдири. Чечим 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет. Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда,

Кемпир-Абад маселеси комитетте жабык каралып, жыйынтыгында долбоорду депутаттар колдоп беришти

Кемпир-Абад маселеси комитетте жабык каралып, жыйынтыгында долбоорду депутаттар колдоп беришти

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кечээ, 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырып, колдоп беришти. Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров менен Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишкен. Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров

Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

Экономика

Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 млрд 200 млн долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун

Кыргызстан дүйнөдөгү электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли рейтингинде 81-орунду ээледи

Кыргызстан дүйнөдөгү электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли рейтингинде 81-орунду ээледи

Кыргызстан БУУ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн 193 өлкөнүн арасынан E-Government Development Index (электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли) рейтингинде 81-орунга жайгашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Кыргызстандагы санариптештирүүнүн деңгээлинин динамикалык өсүүсү акырындан уланууда. 2022-жылды 2014-жыл менен салыштырганда, өлкө 20-позицияга жогору көтөрүлгөн. “Азыркы учурдун EGDI рейтингиндеги Кыргызстандын бул көрсөткүчү эң мыкты көрсөткүч болуп