Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды
Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 28-апрелде 2-бөлүмдүн башчысы С.у.М. опузалап талап кылынган акчаны алып жаткан учурда кармалган.