Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн кармоонун жогорку чегин киргизди

Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн кармоонун жогорку чегин киргизди

2026-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн жогорку чек (бул эмгек акыдан Социалдык фондго төлөнүүчү социалдык төгүмдөр) киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул нормага ылайык, бир кызматкер үчүн ай сайын иш берүүчү менен кызматкер чогуу төлөй турган сумма өткөн жылдагы өлкө боюнча орточо айлык акынын 20 эселенген өлчөмүнөн эсептелген суммадан ашпайт (бул көрсөткүч 720,9 миң сомго барабар).

"Эгер эмгек акы бул чектен төмөн болсо, төгүмдөр толук суммадан эсептелет, ал эми жогору болсо — белгиленген лимитке чейинки бөлүгүнөн гана алынат. Мында кайсы тариф колдонулганы жана камсыздандыруу төгүмдөрү кандай бөлүштүрүлгөнү мааниге ээ эмес", — деп түшүндүрүштү ведомстводо.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн максималдуу суммасы төмөнкүдөй аныкталат: өткөн жылдагы орточо айлык акы 20га көбөйтүлүп, ошол сумма чектүү база катары алынат жана ошол базадан төгүмдөр эсептелет.

Көрсөткүчтөр:

  • 2025-жыл үчүн орточо айлык акы — 36 047 сом;
  • камсыздандыруу төгүмдөрүн кармоонун жогорку чеги — 720 940 сом (орточо айлыктын 20 эсеси).

Демек, 2026-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү суммасы төмөнкүлөрдү түзөт:

– 196 456,15 сом — 27,25% жалпы тариф колдонулганда;
– 88 315,15 сом — 12,25% тариф колдонулганда.

Эсептөө төмөнкү параметрлердин негизинде жүргүзүлгөн:

• өткөн жылдагы орточо айлык акы — 36 047 сом ;
• чектүү база — орточо айлык акынын 20 эселенген өлчөмү (720,9 миң сом);
• камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери — 27,25% жана 12,25%.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media
Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт. Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media