акыркы жаңылыктар

Беларустун Премьер-министри калдыктарды кайра иштетүүчү ишканага барды

Коом

Беларустун Премьер-министри калдыктарды кайра иштетүүчү ишканага барды

4-июнда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга  болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев конокту тосуп алып, 2025-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген таштандыларды сорттоочу ишкананын иши менен тааныштырды. Бул

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Саясат

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Президенти Садыр Жапаров “Экономика жана коммерция министрин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Ал бул кызматты экономика жана коммерция министри кызматын айкалыштыруу менен аркалайт. Документке ылайык, Бакыт

Нарында мыйзамсыз курулуп жаткан имарат аныкталып, айып пул салынды

Коом

Нарында мыйзамсыз курулуп жаткан имарат аныкталып, айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын шаарында жайгашкан объектте административдик имараттын (техникалык блоктун) курулушу архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлгөндүгү

Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери аяктаса, анын кубаттуулугу 220 МВт болот

Энергетика

Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери аяктаса, анын кубаттуулугу 220 МВт болот

МинКаб Төрагасынын орун басары - Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусунда Үч-Коргон ГЭСинин ишмердүүлүгү жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып келди. Иш сапардын жүрүшүндө иштин сапатына көңүл бурулуп, өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасы берилди. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери 2026-жылдын соңуна чейин толук бүткөрүлүшү пландалган. МинКаб Төрагасынын

Кыргызстан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө басым жасоодо

Экономика

Кыргызстан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө басым жасоодо

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун расмий ачылышына катышып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана аймактык кызматташтык тууралуу баяндама жасады. Ал Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишкенин белгилеп, өлкөнүн форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Анын айтымында,

Жалал-Абад облусундагы жолдун курулуштары текшерилди

Транспорт

Жалал-Абад облусундагы жолдун курулуштары текшерилди

4-июнда Талантбек Солтобаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, бир катар жол курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигнинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Барпы–Сафаровка жолунда 25 чакырымдын ичинен 5 чакырымы асфальттоого даярдалып, калган бөлүгүндө жерди түздө иштери жүрүп жатат. Министр

Түрк мамлекеттер уюмунун Борбордук банктар кеңешинин жыйыны болду

Банктар

Түрк мамлекеттер уюмунун Борбордук банктар кеңешинин жыйыны болду

4-5-июнь күндөрү КРнын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Борбордук банктар кеңешинин жыйынына катышты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө А.Бакетаев акча-кредит саясаты жана глобалдык тобокелдиктер сакталып турган шарттарда финансылык туруктуулукту камсыздоо маселелери боюнча баяндама жасады. Ошондой эле, санариптик

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Саясат

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.  Малыматка ылайык, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Коом

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында жаңы поликлиника курулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июнда мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда медициналык мекемелерди куруу боюнча келишимге кол коюлду. Демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария өкмөтү каржылаган «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

Коом

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

УКМК Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматта коррупциялык схема иштеп келгенин билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айрым кызмат адамдары эт продукциясын импорттоого уруксат берүүчү документтерди жана квоталарды бөлүштүрүүдө ишкерлерден мыйзамсыз акча алып турушкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда алынган каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүү

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Транспорт

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү астында союз мезгилинен бери асфальт төшөлбөй келген Манас көчөсүнө капиталдык реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Узундугу 1 чакырымды түзгөн көчө заманбап талаптарга ылайык, эки тилкелүү болуп курулуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат. Мындан тышкары сугат

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

Саясат

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандагы баяндамачысы Мариетта Караманли менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын алакаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө