Саясат
Өлкө башчы "Манас Ордону" реконструкциялоо үчүн мезгил кутусун салды
Бүгүн, 13-ноябрда, Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Манас Ордо” Кыргыз улуттук комплексин реконструкциялоого мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Иш-чаранын башталышында меймандарга “Манас” эпосуна арналган театралдаштырылган пролог жана “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо долбоору тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Эскизге ылайык,