Саясат
Кыргызстандын Башкы прокурору КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун жыйынына катышты
Кыргызстандын Башкы прокурору Малик Бектурганов Казань шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин 36-жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө кылмыш жолу менен алынган активдерди чет өлкөлөрдөн аныктоо, конфискациялоо жана кайтарып алуу боюнча заманбап ыкмалар талкууланды. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, иш сапардын алкагында Малик Бектурганов Азербайжан, Казакстан, Россия,