Экономика
«Альянс Алтын» тогуз айда рекорддук 10.5 млрд сом салык которду
«Альянс Алтын» ишканасы 2025-жылдын тогуз айында Кыргызстандын бюджетине 10.5 млрд сомдон ашык салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которду – бул компаниянын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Бул каражат пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды каржылоого, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду курууга жумшалып жатканын компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Жерүй кенин иштетүү башталган 2015-жылдан бери компания бюджетке 34.8