Экономика
Салык кызматында 11 млрд сомдон ашык салык түшпөй калуу тобокелчилиги жаралган
Эсептөө палатасы мамлекеттик салык кызматында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жана кызматтын өз бюджетинин сарпталышына карата шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы салык башкаруусунда да, мекеменин финансылык тартибинде да олуттуу мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү. Аудиттин жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 миллиард 559 миллион