Коом

“Манас” аба майданынын кире бериш бөлүгү бүткөрүлдү

Коом

“Манас” аба майданынын кире бериш бөлүгү бүткөрүлдү

”Манас” эл аралык аба майданынын негизги кире бериши жүргүнчүлөр жана коноктор үчүн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу ”Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди. М.Самидиновдун айтымына караганда, кире бериштин ачылышы менен бирге эле аэровокзал комплексинин имаратын масштабдуу жаңылоо иштери кызуу уланууда. Жаңыланган кире бериш бөлүгү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө

Сапар Акунбеков
Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Коом

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында борбор калаага 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлда шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коомдук угууларга Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-

Айгерим Качкынбекова
Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Коом

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя күн мурун саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында болгон. Алдын

Айгерим Качкынбекова
"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Коом

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Сапар Акунбеков
Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар

Сапар Акунбеков
Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулатууга чектөө киргизилди

Коом

Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулатууга чектөө киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Калк үчүн айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылдык мөөнөткө мораторий киргизилет. Мораторий биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-

Сапар Акунбеков
"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

Коом

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягына чейин жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, 31-августта "Бишкек Аренада" Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өткөрүлөт. Бул күнү оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады өтүп, мамлекет

Айгерим Качкынбекова
Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Коом

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районунда Бишкек–Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы соода-сатык объектилерин дизайн-коддун талаптарына ылайык келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу

Айгерим Качкынбекова
Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күн болобу?

Коом

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күн болобу?

Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Аталган документ айрым аймактардагы коомдук муктаждыктарга жана жашоо-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүнө ыкчам таасир этүүнүн жаңы механизмин апробациялоо максатында иштелип чыккан. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз

Ишкер Media
Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Коом

Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте калкка жеткиликтүү баада эт сатуу үчүн заманбап көчмө фудтрактарды ишке киргизүү долбоору башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, фудтрактар "Кыргыз Агрохолдинг" тарабынан даярдалып, калаа мэриясы менен биргеликте шаардын бардык райондоруна жайгаштырылат. Сыноо иретинде 10

Уулжан Бейшенбекова
Бажычылар 28 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту

Коом

Бажычылар 28 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропортунда чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады. Маалыматка ылайык, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстандын жараны Кыргызстандан белгиленген талаптарды бузуу менен 28 миң 160 долларды алып чыгууга аракет кылган. Аталган факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан

Уулжан Бейшенбекова
Ошто тазалык кызматына 5 миң сомдон ашык карызы барларга соттук чара көрүлөт

Коом

Ошто тазалык кызматына 5 миң сомдон ашык карызы барларга соттук чара көрүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөновду кабыл алды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Жолугушууда шаардын санитардык абалы, таштанды чыгаруу кызматы жана абоненттик базаны кеңейтүү маселелери каралды. Мэр учурда расмий катталган абоненттердин саны 387 миңден ашканын, бирок шаарда жашаган калктын реалдуу саны кыйла

Уулжан Бейшенбекова