Коом
Бакыт Төрөбаев: Аялдардын ишкердиги – бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган «EXPO Аялдардын ишкердиги – 2023» иш-чарасына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө минкаб төрагасынын орун басары бул сыяктуу иш-чаралар аялдар үчүн жумуш ордун көбөйтүүгө жана улуттук экономиканын кирешесинин жогорулатууга түрткү берүүчү аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт деп белгиледи.