Коом

ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

Коом

ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

Ички иштер министрлиги кышкы жана жаңы жылдык каникулдардын башталышына байланыштуу ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат. ИИМдин маалыматына ылайык, каникул маалында балдар көчөдө жана коомдук жайларда көбүрөөк убакыт өткөргөндүктөн, алардын кайда жана ким менен жүргөнүнө көз салуу маанилүү. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоо,

Айгерим Качкынбекова
Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Коом

Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстан аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлүп жаткан “Рулда” аталышындагы рейдде 1 сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүгү жок 89 адам унаа башкарганы белгиленип, жалпы 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Аныкталган мыйзам

Айгерим Качкынбекова
Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Коом

Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 100 орундуу бала бакча жана 480 орундуу мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемелери жергиликтүү балдардын билим алуусуна жана социалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында курулууда. Кең-Сай конушу акыркы жылдары активдүү өсүп, жеке турак жайлар

Айгерим Качкынбекова
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 1 100 метр тор алынды

Коом

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 1 100 метр тор алынды

Күн мурун Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 1 100 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор чыгарылды.

Айгерим Качкынбекова
Садыр Жапаров: Мектептердин тартыштыгы 12 жылдык билим берүүгө байланыштуу эмес

Коом

Садыр Жапаров: Мектептердин тартыштыгы 12 жылдык билим берүүгө байланыштуу эмес

Өлкөдө мектептердин жетишсиздиги жана класстардагы окуучулардын көптүгү 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу эмес. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, айрым мектептерде 40–50 окуучу билим алып жаткан жагдайлар 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле орун алып келген. "Бул маселе

Айгерим Качкынбекова
ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

Коом

ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды көлмөлөрдүн үстүнө тоңгон музда өзгөчө этият болууга чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, кыш мезгилинде муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан кырсыктардын катталуу коркунучу жогору. Андыктан адистер төмөнкү талаптарды так аткарууну эскертет. Тактап айтканда, тоңгон көлмөлөргө эч качан жалгыз барбоо зарыл. Муздун бекемдигин текшерүү үчүн аны бут менен тепкилөө

Айгерим Качкынбекова
Таксилердин лицензиясын текшерүү 2-февралдан башталат

Коом

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2-февралдан башталат

Кыргызстанда такси кызматын көрсөткөн айдоочулардын лицензиясын текшерүү жана рейддер 2-февралдан тарта жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалымдады. Маалыматка ылайык, такси айдоочуларына лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган. Ошондуктан айдоочулар бул убакытка чейин тиешелүү уруксат кагазын алып үлгүрүшү керек. ЖКККББ

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстандыктар 2025-жылды кандай баалашты жана 2026-жылдан эмнелерди күтүшөт?

Коом

Кыргызстандыктар 2025-жылды кандай баалашты жана 2026-жылдан эмнелерди күтүшөт?

К. Карасаев атындагы БМУнун К. Исаев атындагы социалдык изилдөөлөр борбору 2025-жылдын декабрында жүргүзүлгөн онлайн сурамжылоого ылайык, кыргызстандыктардын 64% дан ашыгы 2025-жылдын жыйынтыктарын оң баалашканын, ал эми 84% дан ашыгы 2026-жылы жагымдуу өзгөрүүлөрдү күтүшөрүн билдиришкен. Изилдөөгө Кыргызстандын жети аймагынан жана Бишкек шаарынан 1039 респондент катышкан. Сурамжылоо К. Исаев

Ишкер Media
Берлинде он миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды

Коом

Берлинде он миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды

Берлинин түштүк-батышындагы 45 000ге жакын үй жана 2000ден ашык ишкана жогорку чыңалуудагы кабелдердеги өрттөн улам электр жарыгысыз калды. The Guardian билдиргендей, бийлик атайын өрт коюу болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Электр жарыгынын өчүрүлүшү 2026-жылдын 3-январында эртең менен, электр станциясынын жанындагы көпүрөдө бир нече жогорку чыңалуудагы кабелдер өрттөнүп кеткенден

Ишкер Media
Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Коом

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Бишкектеги Куликовская, Славянская жана Рыбинский көчөлөрүндө канализация куруу иштери жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу, 2026-жылдын 4-январынан 5-январына чейин Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен ЧЧКга чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Шаардык мэриядан билдиргендей, аталган жердеги канализация куруу иштеринде, траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт. Ишти Бишкек

Ишкер Media
ИИМ каргашалуу окуялардын алдын алууну эскертет

Коом

ИИМ каргашалуу окуялардын алдын алууну эскертет

Жаңы жылдык майрамдар - кызыктуу эс алып, убакытты пайдалуу өткөрүүгө эң ылайыктуу мезгил. Бул убакта, өзгөчө тоолуу аймактарда эс алганда, коопсуздук эрежелерин катуу сактоону Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта тарип сакчылар Баллон (тюбинг) менен муз тебүү ылдамдыгы жогору болгондуктан, аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга

Ишкер Media
Өзбекстанда электр кубаттоочу станциялар жана алардын компоненттери бажы алымынан бошотулат

Коом

Өзбекстанда электр кубаттоочу станциялар жана алардын компоненттери бажы алымынан бошотулат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, электр унааларын кубаттоочу станциялар жана алардын компоненттери 2028-жылга чейин бажы алымдарынан бошотулат. Бул тууралуу Сentral Аsia.media маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президент экономикалык тармактарды колдоо жана калктын айрым керектөө товарларына болгон муктаждыктарын канааттандыруу жөнүндө жарлыгына кол койду. Жарлыкка ылайык, импорттолгон электр унааларын кубаттоочу станциялар,

Ишкер Media