Коом
Нарын — Баетов унаа жолунун 36 чакырым аралыгы оңдолот
Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызыды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Такталгандай, учурда унаа жолдун 9-14-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми 115-120-чакырым аралыгында 1250 метр жабык дренаж жасалып, азыркы тапта түтүктөрдү орнотуу менен жолду таптоо жана кеңейтүү иштери