Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат
Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк студенттерди Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуусун колдоо максатында "Гейдар Алиев атындагы Эл аралык билим берүү гранты" программасы ишке киргизилгенин Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилиги билдирди. Конкурска Кыргызстандын жарандары да катышып, 2026–2027 окуу жылына билим ала алышат. Окуу Азербайжандын жогорку кесиптик