Транспорт
Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштерин “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бүгүн, 11-февралга карата саат 08:30га Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу аймагында (03:40 тартып) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Ал