Жолдорду асфальттоо 5 километрден кем болбошу керек – С.Жапаров

Жолдорду асфальттоо 5 километрден кем болбошу керек – С.Жапаров

Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундун арызынан кийин транспорт министри Талантбек Солтобаевге эскертүү берди.

Айыл тургундарынын бири керектүү 3 км жолдун болгону 1 км гана асфальтталып, калган бөлүгү бүткөрүлбөй калганын билдирди. Президент акыркы беш жылдан бери жолдорду кыска тилкелер менен асфальттоо практикасын токтотууну талап кылып келатканын айтты.

Президенттин айтымында, жолдорду жок дегенде 5 кмден кем эмес асфальттоо керек. Мындай учурда ошол жерде асфальт-бетон заводу курулуп, керектүү техника жана материалдар жеткирилет, бул иштердин наркын кыйла төмөндөтөт.

"Эгер ушул жылдан баштап кайра 1 кмден асфальттоо уланса — таарынба. Минимум 5 кмден болсун. Эгер асфальттайм десең — айылдын жолун толугу менен бүтүр", — деп кайрылды президент Солтобаевге.

Өз кезегинде министр асфальт-бетон заводдорунун жетишсиздиги көйгөй болуп жатканын айтты. Бөлүнгөн каражатка 10 завод сатылып алынган, бирок алар жол курулушу көп болгон аймактарга жайгаштырылган.

"Азыр этап-этабы менен бул жакка да завод алып келүү керек. Анткени Оштон ташылган асфальттын сапаты анча жакшы болбойт", — деди Солтобаев.

Президент дооматтар Солтобаевге эмес, быйылкы дайындоого чейин иштеген мурдагы жетекчилерге тиешелүү экенин тактады.

"Ойлоп көргүлө, Чоң-Алайдагы бир айылга 200 км алыстан асфальт ташып келип, болгону 1 км жол салышкан. Бул чоң чыгым — 5 эсе кымбат. Отчет беришет: ушунча техника келди, ушунча күйүүчү май кетти дешет. Ошондуктан айтам — минимум 5 километрден болсун. Биз дагы айылдарга жетебиз, азыр болсо райондор менен айылдарды байланыштырган стратегиялык жолдорду куруу керек. Депутаттардын же министрлердин суранычы менен 1 км же 500 метрден жол курбагыла", — деп жыйынтыктады Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media
Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media