Айдоочулар оң рулдуу унааларга тыюуну 2030-жылга чейин жылдырууну суранышты

Айдоочулар оң рулдуу унааларга тыюуну 2030-жылга чейин жылдырууну суранышты

Кыргызстандын жети облусунан келген 300гө жакын аймактар аралык такси айдоочулары М.Горький эстелигинин жанында тычтык митингин кылышты. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, жүргүнчү ташууда оң рулдуу унааларды колдонууга киргизилген тыюуну 2030-жылга чейин жылдырууну суранышты.

Айдоочулардын айтымында, учурда алардын унаалары оң рулдуу болгондуктан жүргүнчү ташууга лицензия ала албай жатышат.

Алардын айтымндарында, көпчүлүк айдоочуларда сол рулдуу унаа сатып алууга мүмкүнчүлүк жана алардын көбү насыя төлөп, үй-бүлөсүн таксист болуп иштеп багып келишет. Өлкөдө оң рулдуу унааларга чектөө киргизилгендиктен аларды сатуу да кыйынга туруп калган.
"Мамлекет оң рулдуу унааларга тыюу салгандан бери Кыргызстанда унаалар азайып, сол рулдуулар кымбаттап кетти. Андыктан биз азыр сол рулдуу унаа сатып ала албайбыз. Мамлекет бизге убакыт берсе насыяларыбыздан кутулуп алат элек",-дешет алар.

Мындан тышкары окуңуз

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.

Кыргызстанда 1,5 миң ветеринар туруктуу айлык менен камсыздалат

Кыргызстанда 1,5 миң ветеринар туруктуу айлык менен камсыздалат

Кыргызстанда ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында "Мал аман" мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жаңы ишканага алгачкы этапта 1,5 миңге жакын жеке ветеринарды ишке алуу каралган. Алар малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик

Таласта Кызыл-Адыр – Чоң-Капка жолунун 11 чакырымы асфальтталды

Таласта Кызыл-Адыр – Чоң-Капка жолунун 11 чакырымы асфальтталды

Талас облусундагы Кировка – Гребень – Плотина унаа жолунун Кызыл-Адырдан Чоң-Капка өткөрмө пунктуна чейинки 11 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жолдун асфальтталышы аймактагы транспорттук байланышты жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө шарт түзөт. 2026-жылга карата титулдук

Кеминде имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү тартипке келтирилет

Кеминде имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү тартипке келтирилет

Кемин шаарында дүкөндөрдүн, банктардын жана башка коомдук объектилердин сырткы көрүнүшүн бирдиктүү дизайн-кодго ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Учурда Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кемин райондук башкармалыгынын архитекторлору объектилердин эскиздик долбоорлорун иштеп чыгууда. Долбоорлордо имараттардын фасаддарынын түсүн жана архитектуралык чечимдерин