Кыргызстанда ар башка унаанын тетиктеринен куралган Кытай техникалары аныкталды

Кыргызстанда ар башка унаанын тетиктеринен куралган Кытай техникалары аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы идентификациялык маалыматтары бурмаланган техниканы өлкөгө алып кирүүгө аракет жасалганын аныктады.

Маалыматка ылайык, Кытайдан Кыргызстанга "Торугарт" өткөрмө пункту аркылуу 2022-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн алты Shachman үлгүсүндөгү жүк унаасы келген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаалардын VIN-номурлары кол менен өзгөртүлгөнү, ал эми алардын чыныгы чыгарылган жылы 2017–2018-жылдар экени аныкталган.
Мындан тышкары, SHACMAN M3000 жана IVECO үлгүлөрү боюнча да мыйзам бузуулар табылган: оригиналдуу номерлер өчүрүлүп, ордуна жаңы VIN номерлер коюлган. Ошол эле учурда унаалар ар кайсы жылдары чыгарылган тетиктерден куралган.

Бардык материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Бажы кызматы жарандарды жана ишкерлерди техника сатып алууда анын документтерин жана келип чыгышын кылдат текшерүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media
Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media