Кыргызстанда жыл башынан бери автоунаа рыногу 50%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери автоунаа рыногу 50%га өстү

2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын, ошондой эле автоунааларды оңдоо кызматтарынын жалпы жүгүртүүсү 465 млрд 267,6 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылга салыштырмалуу 12,1%га өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Эң жогорку өсүш автоунааларды жана унаа тектиктерин сатууда катталды — көлөмү 15 млрд 965,9 млн сомго жетип, 2025-жылга салыштырмалуу 50,3%га көбөйдү. Автоунааларды техникалык тейлөө кызматтары да 29,2%га өсүп, үч айда 1 млрд 646,3 млн сомду түздү.
Бул тармактагы жүгүртүү 143 млрд 136,5 млн сом болуп, 16,1%га жогорулады. Мотордук күйүүчү май сатуу 12,6%га өстү.

Автоунаа сатуу секторундагы кескин өсүш (50,3%) ички автопарктын жаңыланышы, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан, ошондой эле ЕАЭБ алкагында эрежелер катаалдашканына карабастан реэкспорт процесстеринин уланып жатышы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media
Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media