Боом капчыгайы 20-апрелден 30-апрелге чейин күн сайын 7 сааттан жабылат

Боом капчыгайы 20-апрелден 30-апрелге чейин күн сайын 7 сааттан жабылат

Боом капчыгайында жол убактылуу жабыларын “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 130-чакырымында, тактап айтканда, Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу убактылуу жабылат.

Аталган иштер бүгүн, 20-апрелден баштап 30-апрелге чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлөт.

"Бул убакыт аралыгында унаа жолу убактылуу жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Ар 15–20 мүнөт сайын таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө филиалы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо жана таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулууда.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media
Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media