Транспорт министрлиги Жол фондунун каражатынын 10%ын жол тармагына жумшоону сунуш кылды

Транспорт министрлиги Жол фондунун каражатынын 10%ын жол тармагына жумшоону сунуш кылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жогорку Кеңешке "Жол фонду жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизди

Мыйзам долбоорунун негизги максаты — Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу, тармактын кадрдык потенциалын бекемдөө, жол чарбасын модернизациялоо жана автомобиль жолдорун каржылоонун туруктуулугун арттыруу.

Биринчиден, министрлик өзүнчө атайын эсеп түзүүнү сунуштоодо. Бул эсепке төмөнкү жыйымдар түшөт: атайын уруксаттар үчүн төлөмдөр, унааларды таразалоо үчүн жыйымдар, жолдорго келтирилген зыянды ордун толтуруу төлөмдөрү, ошондой эле жол тилкесиндеги жерлерди ижарага берүү акылары. Бул каражаттар кызматкерлерди материалдык жактан стимулдаштырууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, көзөмөлдү санариптештирүүгө жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталат.

Экинчиден, Жол фондунун каражаттарынын 10%га чейинкисин жол тармагын өнүктүрүүгө жумшоого уруксат берүү сунушталууда. Анын ичинде лабораторияларды модернизациялоо, жолдордун абалын санариптик мониторинг кылуу системасын киргизүү, жол уюмдарынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана жол кызматтарына бекитилген жер тилкелерин эсепке алуу иштери бар.

Министрдин пикиринде, мыйзам кабыл алынса төмөнкү маселелер чечилет: кадрлардын тармактан кетишин токтотуу жана адистерди тартуу, айлык маянаны жогорулатуу аркылуу транспорттук көзөмөл пункттарындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, жол инфраструктурасы үчүн мамлекеттик жерлерди сактоо, жолдорду көзөмөлдөөнүн заманбап технологияларын киргизүү, ошондой эле республикалык бюджетке кошумча жүк салбастан жолдордун сапатын жана узак мөөнөттүүлүгүн жогорулатуу.

2026-жылга Жол фондунун бюджети 7,95 млрд сом деп бекитилген. Ал эми 2025-жылдагы иш жүзүндөгү түшүүлөр 12 млн сомдон ашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media
Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media