Барскоон – Бедел унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель курулат

Барскоон – Бедел унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель курулат

Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктаганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган. 

  • №1 тоннель (Сөөк) – жалпы узундугу 5 340 метр; 
  • №2 тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3 788 метр: 

Ал эми көпүрөлөр боюнча иштер учурда даярдык баскычында турат.

Ушу тапта объектте 557ге жакын кызматкер бетон заводдорунун, майдалоо-сорттоо комплекстеринин, карьерлердин, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулуш иштерин аткарып жатышат. 

Белгилей кетсек, Барскоон — Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын 26-августунда башталган. Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" өткөрмө пункту менен байланыштырат.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес. Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык

Ишкер Media
ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

1-октябрда Тышкы иштер министрлигинде Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча жардам тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш-чарага ТИМ орун басары Кайрат Турсункулов, дипкорпустун дуайени, Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жана К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын өкүлү А. Алымкулова катышты. Мектеп-интернатка 300 000

Ишкер Media
Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

30-сентябрда Жайыл районунда 35 тонна дизель отунун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан улам отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзаттары менен булганган. Дизельдин бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген. Жооптуу юридикалык тарап аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти булганган

Ишкер Media