Бишкек мэриясы БШКга 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы БШКга 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна "Бишкек шаарынын мэриясына 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоорун киргизди.

Бул демилгенин максаты — Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №9-р буйругун жана 2023-жылдын 13-февралында Финансы министрлиги менен Бишкек мэриясынын ортосунда түзүлгөн №19-04-01/8 субкредиттик келишимин аткаруу.

2021-жылдын 28-декабрында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы(АӨБ) ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык, "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында 25 млн доллар көлөмүндө насыя берүү каралган.
2023-жылдын 13-февралындагы субкредиттик келишимдин 2.1-пунктуна ылайык, бул кредит Бишкек мэриясына 120 электробус сатып алуу жана аларды күрөө катары камсыздоо шартында берилген.

АӨБ сатып алуулар боюнча эрежелерине ылайык өткөрүлгөн ачык эл аралык тендердин негизинде 2022-жылдын 2-ноябрында Anhui Ankai Automobile Co. Ltd компаниясы менен № UTEP/OCB/G-1 келишим түзүлгөн.

Ал электр автобустарын жеткирүү, ошондой эле кубаттоо инфраструктурасын орнотууну камтыйт. 2025-жылдын 22-августундагы кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде аталган компания Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине караштуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына 120 электробусту өткөрүп берген.

Азыркы учурда бардык электробустар техникалык жактан жарактуу абалда болуп, "Бишкек шаардык транспорт" тарабынан муниципалдык коомдук транспорт катары №2, 4, 5Т, 10, 11, 33, 62 жана 66 каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууда колдонулууда.

"Мамлекеттик финансы холдинги" ААК 2026-жылдын 26-январында Бишкек мэриясына бул электробустарды күрөөгө коюу зарылдыгы тууралуу кайрылган.

Күрөө менен камсыздоонун максаты Кыргызстандын аталган кредит боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткаруусуна кепилдик берүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес. Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык

Ишкер Media
ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

1-октябрда Тышкы иштер министрлигинде Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча жардам тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш-чарага ТИМ орун басары Кайрат Турсункулов, дипкорпустун дуайени, Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жана К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын өкүлү А. Алымкулова катышты. Мектеп-интернатка 300 000

Ишкер Media
Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

30-сентябрда Жайыл районунда 35 тонна дизель отунун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан улам отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзаттары менен булганган. Дизельдин бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген. Жооптуу юридикалык тарап аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти булганган

Ишкер Media