Бишкек шаарынын Ленин районунда 110,5 млн сомго жолдор оңдолот

Бишкек шаарынын Ленин районунда  110,5 млн сомго жолдор оңдолот

Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясы райондогу бир нече көчөнү капиталдык оңдоого тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык, сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз. Пландалган жумуштардын жалпы суммасы 110 млн 482 миң 671 сомду түзөт.

Арыздар 2026-жылдын 14-майы саат 16:05ке чейин кабыл алынат.

Төмөнкү лоттор коюлган:

  1. Арча-Бешик көчөсүн Жайыл Баатыр проспектисинен Күйүков көчөсүнө чейин оңдоо — 51 млн 795 миң 421 сом;
  2. Өмүр көчөсүн Кырк-Кыз көчөсүнөн Ай көчөсүнө чейин оңдоо — 3 млн 954 миң 515 сом;
  3. Краснодарская көчөсүн Б.Алыкулов көчөсүнөн Тирапольская көчөсүнө чейин оңдоо — 26 млн 729 миң 86 сом;
  4. Бердибаев көчөсүн Асылкеч көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин оңдоо — 28 млн 3 миң 649 сом.

Мындан тышкары окуңуз

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин   штаб-квартирасына барды

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин штаб-квартирасына барды

1-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мамлекеттик корпорациянын жетекчилиги менен жолугуп, Ганада чакан көлөмдөгү алтын

Ишкер Media
Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинде кантты импорттоону чектөө жаатында талкуу болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, токтомдун долбоору азырынча даяр эмес, долбоор жеке ассоциациялар менен макулдашылат. Документ коомдук талкууга 2-октябрда чыгышы мүмкүндүгүн түшүндүрүштү министрликтен. Кантты алып келүү бул жылы 2025-

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Ганага болгон расмий визитинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-октябрда Гананын президенти Жон Драман Махама менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. ТИМдин башчысы Гананын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирди. Маалымдалгандай, Кулубаев Кыргызстан Африка континентинде Гананы ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн жана саясий диалогдорду

Ишкер Media
Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Министрлик билдиргендей, милицияга акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Такталгандай, 15-сентябрда Кадамжай районундагы ЖЧКлардын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линияга байланыштуу кемчиликтер жоюлбагандыктан өчүрүлгөн. 22-сентябрда Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору ЖЧКнын

Ишкер Media