BELES автобустары эл ташууга толук жооп бербейт – Д.Орунбеков

BELES автобустары эл ташууга толук жооп бербейт – Д.Орунбеков

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков МинКаб Кыргызстанда чогултулган BELES автобусун эмнеге сатып албаганы тууралуу түшүндүрмө берди.

“Бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн бир автобус чогултуп алып, “меникин алгыла”, - дей берсе болобу? Мындай транспорт эл ташууга толук жооп бере албайт. Анткени жүздөгөн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Үчүнчүдөн, BELES автобустары азыр алынып жаткан автобустарга караганда 1,5 эсе кымбат сунушталган. Төртүнчү, BELES автобусунун мотору дизель менен жүрөт. Билесиздер, буга чейин шаарды булгаган дизелдик маршруттук таксилерди тазалап, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустарга өткөнбүз”, - деди ал.

2022-жылы Чүй облусунда жергиликтүү “Белес.kg” деп аталган компания автобус кураштыруучу завод ачкан. Президент ал жерге барганда мамлекет сыноо иретинде андан 10 автобус сатып аларын билдирген. 

Бишкек шаардык мэриясы кийин атамекендик компания чыгарган транспорттун баасы жана башка шарттары туура келбей жатканын билдирип автобустарды алуудан баш тарткан.


BELES ишканасынын негиздөөчүсү Мирбек Аскалиев 2026-жылдын башында президентке кайрылуу кылып, өкмөт BELES автобусунан бирди да сатып ала электигин айткан. Ал BELES автобусунун баасы 168 000 евро экенин, Бишкек мэриясы Түркиядан алган, комплектациясы BELESке окшош Isuzu Citiport автобустары 317 500 евродон сатып алынганын, чет жактан сатып алынган транспорт 85% кымбат экенин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Кыргызстандын балбаны Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин жүрүшүндө, байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 1-октябрда 60 кг чейинки салмак категориясында

Ишкер Media
Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги 1-октябрда орбитага чыгарылды. Учуруу аземине АКШда иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы аркылуу ишке ашырылды. Спутник бир ракета менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media