Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы авиабилеттер 8 820 сомго чыктыбы?

Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы авиабилеттер 8 820 сомго чыктыбы?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек-Ош-Бишкек ички багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпанияларга эскертүү берилгенин билдирди.

Мекеме адамдардын кайрылуулары, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар менен социалдык тармактардагы талкуулардын негизинде мониторинг жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Анын жыйынтыгында Бишкек-Ош-Бишкек багытында авиабилеттердин баасы кескин кымбаттаганы аныкталган. Айрым авиакомпанияларда бир тарапка 8 820 сомго чейин жетсе, кээ бирлери 6 000 сом деп койгон. Буга байланыштуу AVIA TRAFFIC COMPANY, TEZJET, “АЭРО НОМАД ЭЙРЛАЙНС”, Sky FRU жана “Асман эйрлайнс” компанияларына эскертүү берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эсебинде Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бир тарапка билеттин баасы болжол менен 6 000 сом. Ички каттамдарда билеттин баасы кымбат болуп жатканы жакында эле Жогорку Кеңеште айтылган.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасына 2026-жылдан тартып көпчүлүк аймактарга ички аба каттамдарынын билеттеринин баалары арзан жана туруктуу болорун жазган. Ал бул президенттин жеке колдоосу менен өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында ишке ашарын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Кыргызстандын балбаны Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин жүрүшүндө, байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 1-октябрда 60 кг чейинки салмак категориясында

Ишкер Media
Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги 1-октябрда орбитага чыгарылды. Учуруу аземине АКШда иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы аркылуу ишке ашырылды. Спутник бир ракета менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media