Ички авиакаттамдар боюнча жеткиликтүү тарифтерди Asman Airlines сунуштайт

Ички авиакаттамдар боюнча жеткиликтүү тарифтерди Asman Airlines сунуштайт

Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдар боюнча эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштап жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААКынын басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас (Жалал-Абад аэропорту) ички авиакаттамдарында авиабилеттерге макулдашылган баа системасы киргизилет. Бул чечим "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ата мекендик авиакомпаниялар — Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU менен болгон жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган. Талкуунун жүрүшүндө тараптар өз ара түшүнүшүүгө келип, баа түзүүнүн бирдиктүү ыкмасын макулдашышты.

Бекитилген шарттарга ылайык, Бишкек – Ош багыты боюнча авиабилеттердин баасы эрте брондоодо 3 800 сомдон башталат, ал эми учууга жакын акыркы күндөрдө эң жогорку баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек – Манас (Жалал-Абад аэропорту) багыты боюнча баштапкы баа 3 500 сомду, ал эми максималдуу баа 5 500 сомду түзөт.

Авиакомпаниялар белгиленген жогорку чектен ашпоо милдеттенмесин тастыкташты.

Мындан тышкары, мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines дагы да жеткиликтүү баа саясатын карманат: Бишкек – Ош багыты боюнча билеттин эң жогорку баасы 5 500 сомду, ал эми Бишкек – Манас багыты боюнча 4 100 сомду түзөт.

"Ички авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгү биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Бекитилген тарифтерди киргизүү ички авиарынокту турукташтырууга, баалардын кескин өзгөрүшүн алдын алууга жана жүргүнчүлөр үчүн түшүнүктүү, ачык шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет", — деп белгиледи Манасбек Самидинов.

Мындан тышкары окуңуз

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Кыргызстандын балбаны Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин жүрүшүндө, байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 1-октябрда 60 кг чейинки салмак категориясында

Ишкер Media
Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги 1-октябрда орбитага чыгарылды. Учуруу аземине АКШда иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы аркылуу ишке ашырылды. Спутник бир ракета менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media