Кыргызстан-Кытай-Пакистан транспорттук маршруту ишке кирди

Кыргызстан-Кытай-Пакистан транспорттук маршруту ишке кирди

Эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоонун алкагында Кыргызстан—Кытай—Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук маршрут ишке киргизилерин Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маршрут Бишкек шаарынан башталып, Торугарт, Кашгар, Хунджераб жана Исламабад аркылуу өтүп, Карачи деңиз портуна чейин жетет. Жалпы узундугу 3 300 чакырымды түзөт.

Бул багыт Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, эл аралык транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңизге чыгуу жолдорун диверсификациялоого багытталган.

Долбоордун деталдары тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин XIII жыйынында Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Альтамаш Вазир Хан маалымат берди.

"Өткөн жумада Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу унаа Пакистанга ийгиликтүү жетти. Эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери жолдун бардык этаптарында айдоочулар менен тыгыз байланышта болуп, тоскоолдуксуз жана ыкчам өтүшүн камсыз кылышты", — деп белгиледи элчи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media
Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

2026-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Экономика жана коммерция министрлигинде Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эл аралык эксперти Руоси Чжандын катышуусунда кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча адистештирилген семинар болуп өттү. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, семинарга КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышып, ДСУнун кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча башкы макулдашуусунун алкагындагы негизги милдеттенмелерди

Ишкер Media
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Президенти Садыр Жапаров, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Ишкер Media