Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто жол кирени төлөө эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү төлөө тартиби боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген талаптарды сактоо зарылдыгы эскертилүүдө.

Эске салсак, 1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кирени накталай төлөө токтотулуп, альтернативдүү төлөм системасы иштей баштаган.

Рейддик иш-чаралардын негизги максаты – жол киренин өз убагында жана туура төлөнүшүн камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коомдук транспорттун ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды белгиленген эрежелерди так сактоого чакырып, мындай көзөмөл иш-чаралары туруктуу негизде улантыларын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды