Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.
Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман унаа жолунун 6 чакырымында жана Партсъезд – Чорголо унаа жолунун 4 чакырымында аяктады.
Учурда Панфилов – Мясзовхоз – Чалдовар жана Панфилов – Орто-Арык унаа жолдорунда асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүүдө.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолдорду жаңылоо иштери бекитилген графиктин негизинде улантылып жатат.